Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Өкмөт "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча улуттук оператор катары "Кыргызнефтегаз" ишканасын түздү. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда кол койгон.

Жаңы түзүлгөн мекеме Энергетика министрлигине караштуу болуп, ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилет.

Токтомго ылайык, Кадамжай районунун "Түндүк Сох" мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык курулмалардын объектилери "Кыргызнефтегазга" өтөт.

Жаңы ишкананын түзүмүнө Ош жана Баткен, "Сох жаратылыш газын сактоо" филиалдары кирет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG