Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Ооганстанда жер титирөөдөн каза тапкандар 900дөн ашты


Ооганстандын Пактика провинциясы.
Ооганстандын Пактика провинциясы.

Ооганстандын Пактика провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер силкинүү катталып, кеминде 920 адам өлдү. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат агенттиктери бийлик органдарына таянуу менен кабарлады.

Bakhtar агенттиги келтирген курмандыктардын санын “Талибандын” өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү ырастады. Алар “Рейтер” агенттигине ырастагандай, жабыркагандардын да саны көп.

Талибдердин Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин жетекчиси Мухаммад Нассим Хаккан өлгөндөрдүн көбү Пактикада экенин, Нангархар жана Хост провинцияларында да каза болгондор аныкталып жатканын кошумчалады.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) Ооганстандын жана Пакистандын чектеш аймактарындагы зилзала 22-июнда таңга жуук болгонун, анын күчү 6,1 баллга жеткенин ырастады. Франциядагы Европа Жер ортолук сейсмологиялык борбор (EMSC) жана Германиядагы Жер илимин изилдөө институту жер титирөөнүн магнитудасы 6,0 баллга жеткенин маалымдады.

Жер силкинүү Пакистан менен Ооганстандан сырткары Индиянын айрым аймактарында да сезилди. Зилзала толкундары Кабулга, Исламабадга чейин жеткени аталган шаарлардагы тургундардын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары да ырастап турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG