Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Парламент кумаркана мыйзамын талаш-тартыш менен кабыл алды   


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт койду.

Жогорку Кеңештин регламентинде каттоодон өтүп, бирок депутаттар добуш бербей койгон учурда абалдан чыгуу жолу каралбагандыктан талаш чыкты. Регламентке ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн каттоодон өткөн бардык депутаттар добуш бериши керек. Депутаттар тарабынан мындай учурда Конституция негиз болору айтылып, көпчүлүк добуш менен мыйзамды кабыл алуу сунушталды.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда дагы добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болду. Беш депутат добуш берген жок.

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда бул мыйзам долбоорду жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кабыл алынса, андагы коюлган талаптардын так сакталышына убада берди.

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG