Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

"Чек арасыз кабарчылар": журналист Левинди орус аскерлери атып өлтүргөн


Макс Левиндин сөөгү апрель айынын башында табылган.
Макс Левиндин сөөгү апрель айынын башында табылган.

“Чек арасыз кабарчылар” (Reporters Without Borders) эл аралык уюму украиналык белгилүү фотограф жана документалист Макс Левин менен анын шериги Алексей Чернышевди орусиялык аскерлер атып өлтүргөнүн иликтеп чыкты.

Уюмдун баш катчысы Кристоф Делуар кылмыш болгон жерден тартылган сүрөттөр, далил буюмдар тыкыр иликтенгенин, натыйжада "алар суракка алынып, ал тургай кыйноого да кабылган, андан кийин атып өлтүрүлгөн" деп айтса болорун билдирди.

Расмий Кремл буга байланыштуу комментарий бере элек.

40 жаштагы Левиндин сөөгү апрель айынын башында табылган. Ал 13-мартта Киев облусундагы Гута Межигорская деген айыл тарапка орус армиясынын кол салуусунун кесепетин сүрөткө тартуу үчүн барган. Көп узабай аймакта салгылашуулар жанданып, Левин байланышка чыкпай калган.

Буга чейин Украинанын журналисттер биримдиги Орусия Украинага кол салгандан бери кеминде 20 журналист мерт кеткенин, айрым кабарчылардын дайын-дареги чыкпай жатканын билдирген. Окко учкандардын арасында чет өлкөлүк журналисттер дагы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG