Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт


"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 24-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,

Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 29…31 градуска жетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG