Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Чойбеков: кымбатчылык социалдык объектилерди курган компанияларды кыйнап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште 23-июндагы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков Кыргызстанда курулуш материалдары кескин кымбаттап кеткендиктен социалдык объектилерди куруу боюнча тендерди уткан компаниялар кыйналып жатканын билдирди. Мындан улам өкмөт тиешелүү чечимдерди кечиктирбей кабыл алышы керектигин белгиледи.

"Биздин тармактык комитет сегиз көчмө жыйын өткөрдү. Барган жерлерде социалдык объектилерди көрүп, аларды куруп жаткан компаниялардын жетекчилери менен жолуктук. Мага деле алар кат түрүндө кайрылып жатат. Окуу башталарына мына эки ай калды. Эгер коэффициент маселеси тезирээк чечилбесе биз мектептерди кантип салабыз? Архитектура агенттигине дагы жаңы жетекчи келди, ага дагы тапшырма берилиши керек" , - деди Чойбеков.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында эле учурда 15 мектеп, 5 бала бакчаны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жатканын, бир катар конуштарда дагы мектеп куруларын билдирген. Ал апрель айынын аягында Бишкектеги “Рухий Мурас” конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салууга барганда жакынкы күндөрү социалдык объектилердин баарын жаңыртууну убада кылган.

"Жалпы өлкө боюнча айрым айылдарда абдан эскилиги жеткен социалдык имараттар дагы деле бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Алардын баарын тактап чыгууга тапшырма бергенмин. Бул боюнча Мамлекеттик курулуш агенттиги, администрация иштеп атат. Жакынкы 3-4 жылдын ичинде бүт Кыргызстан боюнча мектептерди, социалдык объектилердин баарын жаңыртабыз".

Президент жана анын администрациясы курулуш материалдары кымбаттап кеткен жагдайга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG