Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Казакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы кармалды


Колуна кишен салынган киши. Иллюстрациялык сүрөт.
Колуна кишен салынган киши. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын мурдагы орун басары, Мамлекеттик чек ара кызматынын экс-башчысы Дархан Дильманов жана чек ара мекемесинин бир катар мурдагы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКК билдирди.

Алар казак-кытай чек арасы пункттарындагы коррупциялык аракеттер жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатышат.

Дархан Дильманов кызматтан быйыл апрелде бошотулган. Ал Чек ара кызматын 2015-жылдан бери жетектеп келген. 2020-жылы президенттин жарлыгы менен ага генерал-лейтенант наамы ыйгарылган.

Казакстан менен Кытайдын чек арасында жүк ташуучу автоунаалар кезекке туруп калган учурлары көп катталат. Соодагерлер дайыма чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктарга даттанып келишет.

Мурдараак бир катар басылмалар Казакстан менен Кытайдын өз ара соода жүгүртүүсүндөгү расмий келтирген суммалардын айырмасы өтө чоң экенин жазып чыгышкан. 2021-жылкы көрсөткүчтөгү сандарда 5,7 млрд. доллар айырма болсо, үч жылдын эсебинде 17 млрд. долларлык ажырым чыккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG