Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:33

73 миң бала мектепке баруу үчүн электрондук каттоодон өттү


Кыргызстанда биринчи класска бара турган 73 миңден ашык бала электрондук каттоонун биринчи айлампасынан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 23-июнда кабарлады.

Маалыматка ылайык, алгачкы айлампанын тартиби боюнча балдар катталган жериндеги мектептерге гана жазылышы керек. Кабыл алуунун экинчи айлампасы болсо 27-июндан 10-сентябрга чейин уланат. Мында биринчи класска бара тургандар жашаган жериндеги каалаган мектебине бош орундун болушуна карап каттала алат.

Өлкө боюнча мектептерге кабыл алуу үчүн дагы 86 миңдей орун бош турат.

Бишкек шаарында электрондук кезекке каттоонун биринчи айлампасында 5 миң бала катталып, дагы 12 мин орун бош турат.

Аталган сайт быйыл 11-апрелде ишке киргенде катталуу үзгүлтүккө учурап, ата-энелерден даттануулар болгон.

Быйылкы окуу жылында 150 миңден ашык бала биринчи класска барышы күтүлүүдө.

Кыргызстанда бала бакча жана мектепке муктаждык жогору. Буга чейин мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбай турганы кабарланган.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG