Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

ӨКМ: Бишкектеги бала бакчадагы өрт өчүрүлдү


Өрт чыккан бала бакча. 23-июнь, 2022. Бишкек.
Өрт чыккан бала бакча. 23-июнь, 2022. Бишкек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, Жумабек көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу "Дастан" бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.

Бакчадагы наристелер коопсуз жайга чыгарылды.

Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, бир сааттан кийин толук өчүрүлдү. Болжол менен 200 чарчы метр жер күйгөн.

Өрттүн себептери айтыла элек. Жабыркагандар жок.

Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча эл аралык техникалык комитеттин (CTIF) маалыматына ылайык, Кыргызстандагы абал жакшы деп бааланбайт. Соңку төрт жылдагы изилдөөгө караганда, өрт кырсыгынан каза болгондор боюнча 55 өлкөнүн ичинен 13-орунда турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG