Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Зер буюмдарын саткандар кассалык аппаратка каршы акцияга чыгат


Кыргызстанда бир катар соодагерлер көзөмөл-кассалык аппараттын киргизилишине каршы болуп жатат.
Кыргызстанда бир катар соодагерлер көзөмөл-кассалык аппараттын киргизилишине каршы болуп жатат.

Бүгүн Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта зер буюмдарын саткан соодагерлер көзөмөл-кассалык аппараттын (ККМ) киргизилишине каршы акцияга чыгат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Өткөн аптада Бишкекте ККМдин киргизилишине нааразы соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына чогулган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппараты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумушту аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келет. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG