Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Баткен: айыл тургундары Атамбаевди бошотууну өтүнүп, президентке кайрылды


Видеотасмадан алынган сүрөт.
Видеотасмадан алынган сүрөт.

24-июнда Баткен районунун Чоң-Гара айылынын элүүдөй тургуну президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди эркиндикке чыгарууну өтүндү.

Кайрылууда Атамбаевдин учурунда "жол, электр энергиясы боюнча көз карандысыздык алынганы" айтылат. Алар мурдагы президенттин жасаган иштерин эске алуу менен аны абактан чыгарууну суранышкан.

16-июнда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө кыргыз жарандыгы берилген факт боюнча актады.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталган.

Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

Бийлик жана укук тартибин коргоо органдары Атамбаевге карата куугунтук жок экенин, соттук териштирүүлөр мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтууда. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG