Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Орусиянын танкерлери мунайды Либериянын желеги менен ташый баштады


Орусиялык "Совкомфлот" компаниясынын мунай ташуучу танкери.

Орусиялык "Совкомфлот" компаниясынын мунай ташуучу танкерлери Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан буйтап өтүү үчүн Либериянын желегинин астында каттап, ал тургай Европанын портторуна чейин келип жатат. Бул тууралуу “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору” (OCCRP) жана Reuters агенттигинин изилдөөлөрүндө жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, "Совкомфлот" танкерлерди Кипрде жана Бириккен Араб Эмираттарында түзгөн туунду компаниялары аркылуу башкарууда. Ал эми техникалардын коопсуздук сертификацясын Индия камсыздап жатат.

OCCRP аныктагандай, аталган компанияга салынган санкцияларга карабай май айында кеминде анын 18 танкери каттамдарды ээн-эркин ишке ашырды. Орточо эсепте алардын ар бири кеминде 240 миллион долларлык мунай ташып жүрө алат. Изилдөөчүлөр анын алтоо АКШга, Италияга, Данияга жана Нидерландыга барганын тактады.

Евробиримдиктин басма сөз кызматы "Совкомфлоттун" танкерлеринин санкцияны буйтап, европалык портторго келип жаткан себебин түшүндүргөн жок. Компания дагы иликтөөчүлөрдүн суроо-талабына жооп беришкен эмес.

Москванын Украин жергесине кол салуусунан кийин АКШ, Европа өлкөлөрү жана башка мамлекеттер орусиялык ири деңизде жүк ташуучу "Совкомфлот" компаниясына санкция салган.

Апрелде АКШ Орусиядан мунай импорттоого тыюу салган, Евробиримдик болсо июнда санкцияларынын алтынчы пакетинин алкагында орус мунайына чектөө киргизген. ЕБдин санкцияларында орус мунайын ташып келүүнү алты айдан кийин, мунай заттарын сатып алууну сегиз айдан кийин толук токтотуу чечими кабыл алынган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG