Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

УКМК: Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннел аныкталды


Кадамжайда табылган тоннел.
Кадамжайда табылган тоннел.

Баткенде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин алдынан өткөн тоннел табылганын 25-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 24-июнда аткезчиликке каршы ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринде тоннел табылган.

Атайын кызмат билдиргендей, бул тоннелди эл керектөөчү товарларды жана курал, ок-дары, акча, маңзат ташуу, мыйзамсыз миграция үчүн колдонуп келишкен.

Үйдүн ээси Ош облусунун тургуну экени аныкталганы, тоннелдин эни 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, ал эми кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метр экени маалымдалды.

11-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен да аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннел табылганы кабарланган. УКМК 24-майда жана 7-июнда да Кара-Сууда Өзбекстанга өтчү эки жашыруун тоннел табылганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG