Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Польшада украин жумушчуларынын ордуна өзбек мигранттарын тартуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Польшада айыл чарба иштерине өзбек мигранттарын тартуу сунушталууда. Парламент депутаты жана Багбандар ассоциациясынын президенти Мирослав Малишевский адатта украиналык жумушчулар тартылып келген иштерге эми өзбекстандыктарды тартууну сунуш кылганын 24-июнда Wiadomosci ze swiata сайтына таянып “Озодлик” радиосу кабарлады.

Польшалык басылманын маалыматына караганда, коңшу Украинада согуштун айынан аскерге чакырылып жаткан эркектер сыртка чыга албай калгандыктан мөмө-жемиш тергенге, айрыкча оор жүк ташуучу машиналарды, тракторлорду айдаганга жана башка айыл чарба иштерин жасаганга киши жетишпей жатат.

Мирослав Малишевский фермерлер өстүргөн мөмө-жемиши терилбей, чирип, ал эми сатып алуучулар баа жогорулап кеткенин айтып арызданып жатышканын, ошондуктан азыр Өзбекстандан жумушчуларды Польшага тартуу каралып жатканын, алар даяр экенин билдирди.

Депутаттын айтымында, Орусиядагы кризистин айынан ал жакта иштеген өзбекстандык эмгек мигранттарынын 4 миллиондон ашууну мекенине кайтып барды.

Орусия быйыл февраль айында Украинага кол салып, азыр көптөгөн санкциялардын айынын экономикалык жактан оор абалга кептеле баштаганын талдоочулар айтууда. Ал жакта Борбор Азия аймагынан барган миллиондогон эмгек мигранты иштейт. Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны да ошол жакта. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG