Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 17:37

ӨКМ: Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды


Окуя болгон жердин сүрөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Фейсбуктагы" баракчасындагы видеодон алынды.

Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-июнда Сулайман-Тоодо болгон.

Куткаруу кызматынын байланыш номерине тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ билдиргендей, төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.

Кыз 27 жашта жана ал Төлөйкөн айылынын тургуну экени аныкталган.

Куткаруучулар суицид аракетин жасап жаткан адамды сактап калган жана сактап кала албай калган учурлар буга чейин да катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG