Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Улуу Британия Украина үчүн дагы 1,2 миллиард доллар бөлөрүн жарыялады


Лиз Трасс. Архивдик сүрөт.
Лиз Трасс. Архивдик сүрөт.

Улуу Британия Украинанын Куралдуу күчтөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн дагы 1,2 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыялады. Бул каражат украин армиясынын коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө, абадан коргонуу системаларын, учкучсуз учактарды, радиоэлектрондук күрөштүн заманбап техникасын жана аскерлер үчүн жабдык сатып алууга жумшалары айтылды.

Бүгүн 30-июнда Мадридде НАТО саммити алкагында Sky News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Орусиянын президенти Владимир Путиндин эгер Батыш өлкөлөрү Украинага курал берсе “кызыл чектен” өткөн болору тууралуу билдирүүсү жөн гана риторикалык сөз экенин, ал сөздү көңүлгө албастан украин тараптын жеңишке жетүүсүн колдоо үчүн бардык аракетти көрүү зарылдыгын айтты:

“Эгер биз аны кылбасак, келечекте Европанын коопсуздугу үчүн мындан да чоң коркунуч жаралат. Биз азыркы багытыбызды улантып, Украинаны колдошубуз жана Орусияга каршы санкцияларды сактап, Владимир Путиндин билдирүүлөрүнө көңүл бурбашыбыз керек. Биз үчүн жеринде болуп жаткан окуялар маанилүү”.

Ошентип, Улуу Британиянын Украинага жардам иретинде быйыл жыл башынан бери бөлгөн экономикалык жана аскердик жардамынын жалпы суммасы 4,6 миллиард долларга жетти.

Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери согуш уланууда. Эки тараптуу дипломатиялык сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG