Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Ош – Ысык-Көл аба каттамы жанданды


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Быйылкы жайкы сезондо Оштон Ысык-Көлгө каттаган алгачкы учак бүгүн 1-июлда Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна конгонун "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Оштон 100 жүргүнчү көлгө учуп барды, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти.

“Тез Жет” компаниясы Ош-Тамчы-Ош каттамы боюнча ишембиден тышкары башка күндөрү күн сайын каттап турары маалымдалды.

Бул аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда - июнь-сентябрь айларында иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG