3-июлда Ысык-Көл облусунан башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 32…37;
- Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28…33;
- Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 34…39;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;
- Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
- Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 17…19, күндүз 35…37 градус ысык болот.