Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:33

Ош мэриясында майрамга бөлүнгөн акча кымырылганы айтылууда


Ош мэриясында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө майрамдык иш-чара уюштурууда 200 миң сомдон ашуун акча кымырылганы айтылууда. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Хулкар Исамова билдирди.

Депутат 15-июнда прокуратурага кат менен кайрылган. Териштирүүнүн жыйынтыгында ири суммада зыян келтирилгени аныкталганын Исамова "Азаттыкка" тастыктап, прокуратуранын расмий жообун "Фейсбукка" жарыялады.

Мэриянын басма сөз кызматы маселе алдыдагы күндөрү такталып, комментарий бериле турганын маалымдады. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG