Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Блогер Адилет Али Мыктыбек 29-июлга чейин камалды


Адилет Али Мыктыбек
Адилет Али Мыктыбек

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбек 29-июлга чейин камалды. Бул убакта ал №21 тергөө абагында болот. Мындай чечимди 1-июлда Биринчи май райондук соту чыгарды.

Блогер 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, 48 саатка камалган.

Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында Адилет Али Мыктыбек твидео кайрылуу жасап, коюлган айыпты четке каккан.

Блогер мурда да Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө сурак берген. Апрелде “Массалык башаламандыкка чакыруу” иши боюнча милицияда бир нече жолу суракта болуп, күбө катары өтүп жаткан.

Адилет Али Мыктыбек Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы жана акыркы бир нече айдан бери Фейсбуктагы баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз чагылдырып жаткан.

Cоциалдык тармактардагы пикири үчүн блогерлердин атайын кызматка жана милицияга суракка чакырылганы көп катталууда. 21-июнда жарандык активист Бакмурат Токтогулов социалдык тармактарда бийликти сындаган пикири үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыккан.

Быйыл март айында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, партиянын саясий акцияларын чагылдырып, курч пикирлерди айтып, жазып жүргөн Мирлан Ураимов кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаты менен бошотулган.

Журналист Семетей Талас уулу соцтармактардагы курч билдирүүлөрү үчүн сурак берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG