Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Мамлекеттик Дума маалымат каражаттарын сотсуз жабуу мыйзамын кабыл алды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы Башкы прокуратурага маалымат каражаттарын жабуу укугун берген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын сайтында маалымдалды.

Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттары орус бийлигинин пикири боюнча “мыйзамсыз жана кооптуу маалыматтарды”, “коомду жана Орусиянын Конституциясын урматтабаган” кабарларды таратса, Башкы прокуратурага телерадиоберүү лицензияларын жокко чыгаруу укугу берилет.

Аны жокко чыгаруу чечими Роскомнадзорго жөнөтүлөт.

Ошол эле учурда, эгерде маалымат каражаттары 3-6 айдын ичинде “мыйзам бузууларга” жол бербесе, анда ал Роскомнадзордун чечими менен ишин уланта алат.

Бийлик айткан "мыйзам бузуулар" кайталанган учурда басылманын иши биротоло токтотулат.

Документте ошондой эле кастык козуткан чет элдик маалымат каражаттарына тыюу салуу тууралуу жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG