Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

Грузияда өкмөткө каршы мөөнөтсүз акция жарыяланды


Тбилиси. 2022-жылдын 3-июлу.

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде 3-июлда он миңдеген адам катышкан митинг өттү. Шаардын борбордук көчөсүнө чогулгандар арасында аймактардан баргандар да болду. Нааразылык акциясынын катышуучулары тынч митинг өкмөт отставкага кетмейинче улана берерин жарыялашты.

Бир апта мурда “Үйүбүзгө – Европага” деген ураан менен чыккан коомдук кыймыл бийликке “3-июлга чейин премьер-министр Ираклий Гарибашвили кызматтан кетсин, ал эми өкмөттү башкарып турган “Грузин кыялы” партиясы Грузияга Европа Биримдигине мүчө болууга талпакер макамын алуу үчүн аткара турган 12 талапты ишке ашыруу максатында “элдин ишениминдеги техникалык өкмөт” түзүүгө макул болсун” деген талап коюшкан.

23-июнда Евробиримдиктин лидерлери Украина менен Молдовага уюмга талапкер деген макам беришкен. Ал эми ушундай эле арыз менен кайрылган Грузиянын келечеги Украина жана Молдова сыяктуу эле Европада экенин тааныганы менен расмий Тбилиси талапкер деген макамды алышы үчүн бир катар талаптарды аткарышы керектигин белгилешкен.

Мындай акциялар буга чейин да уюштурулуп, митингчилер Грузиянын биримдикке кошулуусуна негизги тоскоолдук башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвили болуп жатканын айтып, ал өлкөдө жетекчилик кызмат ээлебесе да чечим кабыл алууга таасирин тийгизип келатканын билдиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG