Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Полиция: Копенгагендеги окуянын террорчулук менен байланышы жок


Соода борбордун сыртындагы полиция. 3-июль, 2022-жыл.
Соода борбордун сыртындагы полиция. 3-июль, 2022-жыл.

Дания полициясы Копенгагендеги соода борборунда туш келди ок аткан киши жалгыз болгонун ырастады.

Калаа полициясынын башкы инспектору Сорен Томассен 4-июлда кол салуунун террорчулук менен байланышы жок экенин билдирди. Анын айтымында, үч киши көз жумду. Алардын экөө Даниянын, бирөө Орусиянын жараны болгон.

Дагы төрт киши олуттуу жарааттары менен ооруканага түштү.

3-июлдун кечинде соода борборлордун бирине белгисиз адам кирип барып туш келди ок аткан. Ал дароо кармалды. Полициянын маалыматына караганда, шектүү буга чейин психикалык саламаттык кызматтарынын тизмесинде болгон.

Соода жайдын жанындагы Royal Arena концерттик залында ошол күнү кечинде британ ырчысы Гарри Стайлздын концерти болмок. Залга чогулган 17 миң адам окуяга байланыштуу эвакуацияланды.

XS
SM
MD
LG