Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Шаардык сот Аспековдун өкүмүн өзгөрттү


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

Бишкек шаардык соту жарандык активист Мелис Аспековго Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөрткөнүн 6-июлда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча айыптуу деп табылып, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы аныкталган жок.

Райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун ошол берененин 3-бөлүгү жана 77-берененин 2-бөлүгү боюнча айыптуу экенин моюнуна алган көрсөтмөсү жана аны алты жылга эркинен ажыратуу чарасы жокко чыгарылды. Өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Быйыл 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Ошентип, шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырды.

Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Президент Садыр Жапаров анын айыптоосун четке каккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG