Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Жапаровдун журналисттер менен жолугушуусу боюнча маалымат берилди


Акылбек Жапаровдун журналисттер жана блогерлер менен жолугушуусу "Дасмияда" өттү.
Акылбек Жапаровдун журналисттер жана блогерлер менен жолугушуусу "Дасмияда" өттү.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 5-июлда журналисттер менен өткөргөн жолугушуусу боюнча “Азаттыкка” маалымат берди.

Анда “Журналисттерден, блогерлерден, коомдук активисттерден Акылбек Жапаровдон интервью алууга, кабылдамасында болууга сунуштар арбын келет. Мына ошондуктан 5-июлда Акылбек Жапаровдун катышуусунда медиа тармактын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду. Министрлер кабинетинин башчысы менен жолугушуу акыркысы эмес жана алдыда дагы уюштурулат” деп айтылды.

Жапаровдун жолугушуусу “Дасмия” ресторанында өткөн. Ага өкмөт башчысы маалымат чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чогултуп, өкмөттүн иши, пландары тууралуу суроолорго жооп берген. Бул иш-чаранын форматы, ага жалпыга маалымдоо каражаттары тегиз чакырылбай калганы суроо жаратууда. (EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG