Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Зордуктоого шектүү милиционерлерди жоопко тартуу талабы коюлган акция өттү


Өндүрүш Токтонасыров 2022-жылдын 6-июлу.
Өндүрүш Токтонасыров 2022-жылдын 6-июлу.

13 жаштагы кыздын зордукталышына күнөөлүүлөрдү жазага тартуу талабы коюлган акция бүгүн 6-июлда Өкмөт үйүнүн алдында өттү. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке бул маселеге президенттин жана коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максаты менен чыкканын айтып, кылмышка шектелип жаткан милиция кызматкерлерин өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу керек деген пикирин билдирди:

“Бул эмне деген тамтык, эмне деген трагедия! Кылмышкерлерди аныктап, жоопко тартууну талап кылабыз”.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жатат. Кезектеги отурум 8-июлга белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG