Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Зеленский Батыш берген артиллерия чоң натыйжа көрсөтө баштаганын айтты


Владимир Зенеский.
Владимир Зенеский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрү берген артиллерия орус аскерлерине каршы согушта чоң натыйжа көрсөтө баштаганын 7-июлга караган түнкү видео кайрылуусунда билдирди.

Ал согуш талаасындагы абал тууралуу “Батыштын артиллериясы, өнөктөштөрүбүз берген курал-жарак эң мыкты натыйжа көрсөтө баштады” деп, жаңы техника жогорку деңгээлдеги тактыкта иштеп жатканын айтты.

Зеленский билдиргендей, украин аскерлери “оккупанттарды тылдан камсыздоо жагынан маанилүү кампаларга жана башка жайларга өтө сезилерлик сокку урууда” жана бул “орус армиясынын баскынчылык потенциалын кыйла төмөндөтүүдө” .

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салгандан бери өлкөнүн бир катар аймактарын өз көзөмөлүнө алды. Эки күн мурда орус президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы чабуулдарды улантууга чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG