Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

"Дордойдогу" өрт: зыян тарткан соодагерлер жардам сурады


"Дордой" базарындагы өрттөн кийин. 5-июль, 2022-жыл
"Дордой" базарындагы өрттөн кийин. 5-июль, 2022-жыл

"Дордой" базарында 5-июлда түшкө жуук катталган өрттөн 42 контейнер жана тогуз күркө күйүп кетти.

Айрым соодагерлер бардык төлөмдөрдү төлөп келишкенин, базар жетекчилиги кенемте төлөп бериши керектигин айтып жатышат. Азырынча чыгымдар үчүн кандай жардам болору айтыла элек.

5-июль күнү "Дордой" базарында тутанган өрттөн Мээрбек Раимбековдун үч контейнери товарлары менен кошо толук күйүп кеткен. Өрт заматта тутанып кеткенин, өздөрү качып чыгууга араң үлгүргөнүн айтат:

"Эки контейнерим жанаша, дагы бири бет маңдайда жайгашкан болчу. Балдардын кийимин сатчубуз. Толтура товар бар эле. Жок эле дегенде 7-8 миллион сомдук кийим күйүп кетти. Балдарым менен чогуу иштетип турганбыз. Бул жерде иштегениме он жылдан ашты. Бар оокатыбыз ушул болчу. Өрт өтө тездик менен жайылды да. Эч нерсени сактап кала албадык. Өзүбүз араң качып чыктык".

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги базардын “кытай катар” деп аталган бөлүгүндө жайгашкан кийим-кече сатылчу 42 контейнерди жана тогуз күркөнү өрт чалганын билдирди. Тилсиз жоо жалпысынан миң чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланганы кабарланды. Жабыркагандар Бишкектин №4 ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы жакшы экени айтылды.

Сурмакан Дүйшөбаеванын кызы иштеткен контейнери да толугу менен өрттөнүп кеткен. Кызы түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген. Базардын администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келишкенин жана алардын күркөлөрү камсыздандыруудан өткөнүн, кенемте төлөнүп берилиши керектигин белгиледи.

"Кызым түтүнгө ууланып ооруканада. Сезон башталып жаткандыктан эки миллион сомдук товар алып келген эле. Өзүнүн акчасынан тышкары насыяга да товар түшүргөн болчу. Ич кийимдер менен сууга түшө турган кийимдер сатылчу. Эч нерсе калбай калды, баары жок. Күйүп кетти. Буга чейин кароолуна, аянтына, коопсуздугуна, патентине, камсыздандырууга дегеле койчу, толтура кызматтарга деп төлөмдөрдү төлөп келгенбиз. Андан тышкары кызым контейнердин ижара акысына да төлөйт эле. Эми бул чыгымдарды жабууга жардам беришсе деп суранам".

Базарда чыгымдын жалпы суммасын иликтенип жатат деген негиз менен өрттүн чыгуу себептери айтыла элек.

Өрт базар ичиндеги тез татымдардын биринен башталып, андан ары тутанып кеткени айтылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоону иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия иштеп жатканын маалымдады.

Бул иш менен укук коргоо органдары менен "Дордой" соода жайынын адистеринен куралган топ иштей баштаганы белгилүү болду.

Базардын өрт каптаган бөлүгү "Дордойго" эмес, шаардын муниципалдык аймагына карай турганы айтылууда. Ал маселе азырынча чечиле элек. "Дордой" комплексинин кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева соодагерлерге бир катар жеңилдиктер каралып жатканын айтты.

Дамира Дөөлөталиева.
Дамира Дөөлөталиева.

"Так ошол муниципалдык базардан өрт башталып жатат. Базардын ичинде тез-татымда май кызып өрт башталганы байкоочу камерадан көрүнүп турат. Базардын ичинде бир да тамактануучу жай жок. Мэрия көзөмөлдөгөн аймакта башаламан жайгаштырып коюшкан. Муниципалдык аймак болсо да "Дордой" администрациясы тарабынан баары бир биздин соодагерлер деп күйгөн контейнерлерди өз эсебибизден калыбына келтирип бермей болдук. Ижарага бергендер менен сүйлөшүп, ижара акысын албай тургандай кылып жатабыз. Төлөмдөрдөн да бошотуу каралып жатат. Профсоюздун эсебинен чыгымга учураган соодагерлерге ишин бутка тургузуп кеткенге чейин аз болсо да колдоо көрсөтмөй болдук. Соодагерлердин насыяларына жеңилдиктерди берүү боюнча банктарга кайрылуу даярдап жатабыз. Азыр экспертизаны күтүп отурабыз. Чыгымдын суммасы аныкталса, үч күндө ремонттоп калыбына келтирип, жаңы контейнерлерди коюп беребиз. Соодагерлер социалдык камсыздандыруу төлөшкөнүн айтып жатышат. Ал деген ишкердигин камсыздандыруу эмес да".

Азырынча "Дордой" соода бирикмесинен башка эч кайсы мамлекеттик мекемелер жабыркаган соодагерлерге колдоо көрсөтүү боюнча үн ката элек.

"Дордой" базарында чыккан өрттү өчүрүштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:15 0:00

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева буларды билдирди.

"Биздин кызматтар тактап жатышат. Өрт болгон аймак кимдин карамагында, кимдин жоопкерчилигинде экени такталгандан кийин гана ишкерлерге колдоо болор-болбосу чечилет. Учурда биздин адистер окуя болго аймакта иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат".

Атайын чыгымдарды эсептөө комиссиясы өрттүн чыгымдарын санап жатат.

1990-жылдары түптөлгөн "Дордой" базары - Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири. Анда 100 миңге жакын адам эмгектенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG