Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Орусия Украинага кол салгандан бери дүйнөдө 71 миллиондой киши жакырчылыкка батты


Йемен. 20-март, 2022-жыл
Йемен. 20-март, 2022-жыл

Орусия февралда Украинага басып киргенден бери азык-түлүк менен энергиянын кымбатташы дүйнө жүзүндө 71 миллиондой кишини жакырчылыкка батырды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы (UNDP) 7-июлда чыгарган баяндамасында билдирди. Авторлор 159 өлкөдөгү абалды изилдеп чыгып, товарлардын баасы өзгөчө Африка, Балкан жана Азияда өскөн деген жыйынтыкка келишти. Алар айрым жерлерде социалдык көтөрүлүштөр болушу ыктымал деп эскертишет.

Дүйнөдөгү ири дан өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Украина Жакынкы Чыгыш менен Африкага азык-түлүктүн негизги экспортеру. Согуштун айынан Кара деңиздеги порттору орус аскерлери тарабынан бөгөттөлүп калгандыктан, кемелер чыга албай турат. Бул өз кезегинде миллиндогон кишини ачарчылыктын жарына такап жатат.

Орусия менен Украина дандын жана күнкарама майынын 25% экспорттойт. Муну менен катар мунай-газдын баалары согушка байланыштуу өсүп жатат. Урушка чейин Орусия жаратылыш газын эң көп саткан өлкө болчу, чийки мунайдын экспорту боюнча экинчи орунда турган.

UNDP инфляция жогору болгон мамлекеттердин катарына Гаити, Аргентина, Египет, Түркия, Өзбекстан жана башкаларды киргизген.

Буга чейин эле кедейчилик өкүм сүргөн Ооганстан, Эфиопия, Йемен өңдүү өлкөлөрдө инфляция абалды ого бетер начарлатты.

Уюмдун маалыматына караганда, дүйнө калкынын дээрлик 70% же беш миллиарддан ашуун киши жакырчылыкта жашайт.

XS
SM
MD
LG