Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

"Клооп" басылмасынын редактору милицияга суракка чакырылды


"Клооп" басылмасынын логотиби.
"Клооп" басылмасынын логотиби.

"Клооп" басылмасынын редактору Ислам Розиев 7-июлда саат 15:00гө Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу басылманын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Кыргызстандын тышкы карызы жөнүндө билдирүүсүнө байланыштуу басылманын редактору күбө макамында сурак берет.

Шаардык милиция бул тууралуу маалымат бере элек.

5-июлда “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыккан. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков соцтармактарга мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөн.

"Азаттык" радиосунун тышкы карыз тууралуу даярдаган материалдары жергиликтүү расмий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянуу менен жазылган. Маалыматтын булагы ачык көрсөтүлүп, аларга шилтеме берилген.

2-июлда саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге билдирген. Оппозициялык саясатчы социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган.

Равшан Жээнбеков 7-июлда билдирүү таратып, милицияны журналисттерди суракка чакырууну токтотууга чакырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG