Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Иранда британ дипломаты кармалганы тууралуу маалымат төгүндөлдү


Fars агенттиги окуя тууралуу жарыялаган сүрөт.
Fars агенттиги окуя тууралуу жарыялаган сүрөт.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги Иранда британ дипломаты кармалганы тууралуу маалыматты “карандай калп” деп атады. Бул жөнүндө мекеменин 6-июлдагы билдирүүсүндө айтылды.

Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары 5-июлда “Ислам революциясынын сакчылар корпусу” бир нече чет өлкөлүктү кармаганын, алардын арасында экинчи рангдагы британ дипломаты тыңчылык үчүн колго түшүрүлгөнүн маалымдашкан.

Fars маалымат агенттиги алар Ирандын борбордук аймагындагы чөлдө тыюу салынган жердин үлгүсүн алып жаткан учурда дрон менен аныкталышканын жазган.

IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги британ элчисинин орун басары Шахдад чөлүнө үй-бүлөсү менен турист катары барганын, ал аймактан анча алыс эмес жерде жакында ракеталык машыгуу болгонун кабарлаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG