Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Токаев мунай ташуунун Орусияны кыйгап өткөн жолдорун өнүктүрүүнү тапшырды


Атыраудагы мунай ишканасы. Казакстан, 2021-жыл
Атыраудагы мунай ишканасы. Казакстан, 2021-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мунайды ташуу жолдорун диверсификациялоону маанилүү максат деп атады. Буга байланыштуу мамлекет башчы Кытай, Казакстан, Каспий деңизинин акваториясы, Азербайжан, Грузия, Түркия, Кара деңиз аркылуу Европага кеткен Транскаспий маршрутун оптималдаштыруу тапшырмасын бергенин Акордонун басма сөз кызматы 7-июлда билдирди.

Токаев ошондой эле Казакстандын портторун Каспий деңизиндеги алдыңкы хабдарга айландырууну тапшырып, деңиз флотун күчтөндүрүү керектигин белгиледи.

Маалыматка караганда, президент өлкө деңиз аркылуу жүк ташуунун толук потенциалын пайдаланбаганына, бирок эми заман өзгөргөнүнө басым жасады.

Анын алдыңкы күнү Орусиянын Новороссийск шаарынын райондук соту казак мунайынын ири бөлүгү экспорттолгон Каспий куур консорциумунун (КТК) ишин 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарган. Негиз катары кара май төгүлгөн жерлерди тазалоо планынын бузулушу көрсөтүлгөн.

Сот 6-майдагы текшерүүдө "Ространснадзор" ишкананын жайларында экологиялык эреже бузууларды аныктаганын билдирди.

Консорциумга кемчиликтерди жоюу үчүн 30-ноябрга чейин убакыт берилгени маалымдалды.

КТК өз билдирүүсүндө эскертүүнү аткаруунун мөөнөтү белгиленгени менен "Ространснадзор" алардын ишмердигин токтотуу арызы менен кайрылганын белгиледи.

"Консорциум Орусиянын укуктук талаасында иш алып баргандыктан, соттун чечимин аткарууга тийиш. Чечимди мыйзамда көргөзүлгөн тартипке ылайык талашабыз", - деп билдирди компания.

Ошол эле күнү КТК консорциумдун ишин токтотпоо тууралуу арыз менен сотко кайрылды. Компания "өндүрүш процессине кыйратуучу залака тийгизген чараларды колдонууга мыйзам жол бербейт" деп белгиледи.

Орусия Украинага согуш ачып, Москвага санкциялар салынгандан бери казак мунайын бул куур менен экспорттоого ар кандай шылтоо менен буга чейин да чектөө киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG