Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Милиция тышкы карызга байланышкан иш боюнча билдирүү таратты


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү саясатчы Равшан Жээнбековдун социалдык тармактарда өлкөнүн тышкы карызы боюнча жазган билдирүүсүн “резонанс жаратып, коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн” деген негизде маалыматтык журналга каттаганын билдирди.

Ал материалдын негизинде Жээнбеков менен Финансы министрлигинин кызматкерлери күбө катары суралганын кабарлады.

Милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта саясатчынын жарыялаган билдирүүсү чындыкка дал келбей турганы аныкталганы айтылат.

Анын чындыгы жана булагын тактоо үчүн маалымат сайттардын биринин жетекчиси суралганы, учурда аталган иш боюнча тергөө уланып жатканы кошумчаланган.

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева 5-7-июлда Бишкектин Ленин райондук милициясында күбө макамында суракта болгон. Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу жарыяланган макала-маалыматтар боюнча суроолорго жооп берген.

Касмалиева милицияда 5-июлда да суракта болгон.

"Азаттык" радиосунун тышкы карыз тууралуу даярдаган материалдары жергиликтүү расмий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянуу менен жазылган. Алардын булагы ачык көрсөтүлүп, шилтеме берилген.

7-июлда “Клооп” басылмасынын редактору Ислам Розиевдин дагы милицияга чакырылганы белгилүү болду.

2-июлда Равшан Жээнбеков Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын билдирген. Оппозициялык саясатчы социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган.

Жээнбеков 7-июлда билдирүү таратып, журналисттерди суракка чакырууну токтотууга милицияны чакырды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG