Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Улуттук банк өлкөдөгү банктар менен валюта рыногун талкуулады


Улуттук банк өлкөдөгү коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугуп, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдан улам каржылык рынокко тийгизген таасири жана тобокелчиликтер жөнүндө талкуу өткөргөнүн кабарлады.

“Жолугушууда ички валюта базарындагы жагдай, акча которуу маселелери, коммерциялык банктардын айрым операциялары боюнча тарифтердин өзгөрүшү сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды”, - деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Жыйында ар кандай кыйынчылыктарга карабай калкты үзгүлтүксүз жана талаптагыдай тейлөө зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырган. Накталай доллар Орусияга чыгарылып жатканын билдирди. Мындан сырткары айрым банктар кардарлардын эсебинен накталай доллар алууда 5% чейин комиссия кармап калып жатат. Улуттук банк муну банктар долларды алып келген чыгымын жабуу үчүн комиссия киргизишкенин билдирди.

Акыркы эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Ошондон бери доллар куну олку-солку абалда болуп, расмий курс учурда 82 сомдон болууда.

Ал эми акча алмаштыруучу жайларда соңку күндөрү доллар жана евро 3-4 сомго кымбаттай баштаганы байкалууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG