Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Путин Кыргызстан менен абадан коргонуу системасын түзүү боюнча буйрук чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус президенти Владимир Путин 8-июлда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча буйрукка кол койду. Документ аталган мамлекеттин расмий документтери жарыяланган сайтка жайгаштырылды.

Буйрукта Орусиянын Коргоо министрлигине Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда Кыргызстан тарап менен сүйлөшүү тапшырылган.

Учурда Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз бийлиги Орусия стратегиялык өнөктөш экенин айтып келет. Эки өлкө Евразия экономикалык биримдигинде жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) мүчө мамлекеттер. ЖККУнун алкагында ар кандай аскердик машыгууларды өткөрүп келет.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG