Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Орусия Украинадагы чабуулун тынымсыз улантууда


Украина.
Украина.

Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай орус аскерлери Украинанын чыгышында коңшу Донецк облусунун түпкүрүнө өтүүгө таптакыр мүмкүнчүлүк бербей жатышканын, душмандын мурда жарыяланган тыныгуусунан кабар да жок экенин 9-июлда билдирди. Анын айтымында, украин күчтөрү орус аскерлеринин соккуларына фронттун бүтүндөй тилкеси боюнча каршы турууга мажбур болуп жатышат.

Ошону менен катар Гайдай украин аскерлери орустардын аскердик кампаларын жана казармаларын жок кылууга жетишип жатышканын кошумчалап, бирок Орусия аскердик жабдыктарын бала бакчалардын жана мектептердин имараттарына жайгаштыруу аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Лисичанск шаарын басып алгандан кийин орус аскерлерине эс алуу керек экенин жакында Орусиянын президенти жана коргоо министри билдиришкен. АКШнын Согушту изилдөө институту мындай “ыкчам тыныгуу” кийинки чабуул алдындагы тыныгуу болушу мүмкүн экенин белгилеген.

"Бир катар жактардан чабуул жасап жатышат. Аралап өтүүгө ыңгайсыз жерлерди алар туш тараптан аткылап, кадимки тозокко айландырууда" деген Гайдай орус аскерлери украин аймагын мурдагыдай эле ылдамдыкта аткылап жатышканын белгиледи жана “Биздикилер эрдик менен туруштук берүүдө” деп кошумчалады.

Украин армиясы Луганск облусунун Лисичанск шаарында ээлеп турган позициясынан чегингенин 3-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий билдирген. Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим “оккупациялык аскерлердин артиллерия, авиация, реактивдүү системалар, ок-дары жана жеке курам жагынан эселеп көп болуп жаткандыгына байланыштуу” кабыл алынган.

Лисичанск Украина Луганск облусунда көзөмөлдөп турган акыркы шаар болчу жана ал Москва үчүн Донбасстын өнөр жай борборуна ээлик кылуу үчүн салгылашууда негизги аймак катары аталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG