Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Синдзо Абэнин сөөгү үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди


Синдзо Абэ. Архивдик сүрөт.
Синдзо Абэ. Архивдик сүрөт.

Жапониянын киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэнин сөөгү бүгүн 9-июлда үй-бүлөсү жашаган Токиодогу батирине жеткирилди. Көп кабаттуу үйдүн короосунан аны эң жакын санаалаштары – бийликтеги Либералдык-демократиялык партиянын саясий кеңешинин төрагасы Санаэ Такаити жана "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагути тосуп алышканын, маркумдун үйүнүн тегерегиндеги көчөлөр полициянын жана улуттук коопсуздук кызматынын тыкыр көзөмөлүндө экенин журналисттер жазышты.

“Киодо” маалымат агенттиги билдиргендей маркум 12-июлда өзү туулуп-өскөн Ямагути префектурасындагы Симоносеки шаарында жерге берилет. Ал эми коштошуу зыйнаты 11-июлда борбор калаа Токиодогу буддисттик храмда өтөт.

67 жашында өмүрү үзүлгөн Абэге кол салуу 8-июлда ал Нара шаарында шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү алкагында эл алдында сүйлөп жаткан учурда болгон. Колго жасалган куралдан Абэге эки жолу аткан адам 41 жаштагы жапон жараны, мурдагы аскер кызматкери Тэцуя Ямагами экени аныкталды. Полиция анын үйүнөн башка да курал жана жардыргыч заттар табылганын билдирди.

Абэге кол салды деп шектелип жаткан адам.
Абэге кол салды деп шектелип жаткан адам.

Суракта ал күнөөсүн моюнуна толук алып, Абэнин саясий ишмердүүлүгүнө жана көз караштарына эч каршылыгы болбогонун, өзүнүн апасы туш болгон диний уюмга тиешеси бар деп эсептегендиктен гана ушундай кадамга барганын, алгач ошол уюмдун жетекчисине кол салууну көздөп, кийин бута катары Абэни тандап алганын айтып бергени кабарланууда.

67 жаштагы Абэ 2015-жылы жубайы менен Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Ал жапон өкмөтүн 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары башкарган.

Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында өзү мурда жетектеген Либералдык-демократиялык партияны колдоп сүйлөп жаткан. Азыр бул партияны азыркы өкмөт башчы Фумио Кисида жетектөөдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG