Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:20

Беш жогорку окуу жайдын макамын өзгөртүү сунушу талкууланды


Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны.
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны.

Өлкөдөгү беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берүү сунушу каралып жатканын 9-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда жогорку окуу жайлары менен Улуттук илимдер академиясын реформалоо тууралуу сөз болду.

Өзгөчө макам берүү караштырылып жаткан жогорку окуу жайлар Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университет, Кыргыз агрардык академиясы, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы жана Ош мамлекеттик университети экени маалым болду.

Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарын реформалоо маселесинде алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн каржылоосун жакшыртуу зарылдыгы, каржылоо көлөмүн мыйзамда жазылгандай Ички дүң өнүмдүн 1% чейин жеткирүү керек экени белгиленди.

Талкуунун жыйынтыгында пландардын концепциясы бекитилди.

Кыргызстанда 76 жогорку окуу жайында 231 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG