Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Меккеге ажылыкка жүз миңдеген зыяратчылар келе баштады


1-июлда тарта Сауд Арабиянын Мекке шаарына дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн жүз миңдеген зыяратчылар келе баштады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткон. Соңку эки жылда Сауд Арабиянын жарандарына гана уруксат берилип келген.

Падышачылыктын бийлиги быйыл 18-65 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, коронавируска каршы эмделген 1 миллион адамга гана ажылыкка келүүгө уруксат берди. Ажылык амалдары 7-июлда башталат.

Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Кыргызстанда буга чейин ажалык сапарды уюштуруп өткөрүү жана топтолгон каражатка байланыштуу чуулуу окуялар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG