Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:59

WFP: миллиондогон украиндер тамак-аш тартыштыгына туш болду


Ыктыярчылар тамак-аш таратышууда. Северодонецк, 30-июнь 2022-жыл
Ыктыярчылар тамак-аш таратышууда. Северодонецк, 30-июнь 2022-жыл

Согуштун айынан украиндер күнүмдүк азыктарга, эң керектүү товарларга жетпей калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP ) расмий өкүлү Томсон Фири билдирди. Маалыматка ылайык, согуш тооруган өлкөдө ар үчүнчү үй-бүлө жетиштүү көлөмдөгү тамак-аш менен камсыз боло албай келет. Кармаштар жүрүп жаткан чыгыштагы жана түштүктөгү айрым аймактарда калктын жарымы азык-түлүк тартыштыгын башынан кечирүүдө.

“Америка добушу” жазгандай, Фири уюм жардам берип жатканын, июнда 2,6 миллион кишиге азык-түлүк же акча таратылганын белгиледи. Андан тышкары WFP украин экономикасын колдоо иретинде ал өлкөдөн мүмкүн болушунча көп азык сатып алууда.

Орусия басып киргенден бери Украинанын экономикасы төмөндөп жатат. БУУнун маалыматына караганда, беш миллиондой киши салгылашуулардан качып, чет өлкөлөрдө башкалка издөөгө мажбур болду. Дагы жети миллиондой киши Украинанын ичинде жер которду.

XS
SM
MD
LG