Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Кыргызстанда 238 миң адам коронавируска каршы бустердик эмдөөдөн өттү


Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штабдан 11-июлда кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкө аймагында коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1 миллион 571 миңден ашык, экинчи дозасын 1 миллион 340 миңден ашык адам алган. Ал эми үчүнчү ирет же бустердик эмдөөдөн ушул убакытка чейин 238 186 адам өткөн.

Штаб дүйнөлүк пандемиянын кесепети дале коркунучтуу экенин эске салып, жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.

COVID-19 вирусун жугузуп алган алгачкы расмий учур Кыргызстанда 2020-жылдын мартында катталган. Андан бери расмий эсеп боюнча инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп катталган.

Дарыгерлер соңку эки аптадан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар кайра каттала баштаганын, бул илдеттин оор формасынан коргонуу үчүн вакцина алуу керектигин эскертип жатышат. Республикалык штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда вакцина алышы керек болгондордун 60% толук эмделип бүттү. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG