Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Жуукуда эки миллион кубдан ашык көчкү түшкөн


Жууку ашуусундагы мөңгү көчкөн учурда тартылган видедон алынган сүрөт.
Жууку ашуусундагы мөңгү көчкөн учурда тартылган видедон алынган сүрөт.

Жети-Өгүз районундагы Жууку ашуусунда 8 июлда жүргөн мөңгү көчкүнүн көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метр болгону кабарланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, көчкү жайлоого баруучу жолдун көпүрөсүн алып кеткен. Кырсыктан каза тапкандар жана оор жараат алгандар жок.

Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына көчкү тууралуу маалымат 10-июлда саат 17:00 чамаларында түшкөн. Башкармалыктан жана Жайыт комитетинин беш кызматкеринен турган ыкчам топ Жууку ашуусуна барган.

"Ыкчам топ билдиргендей, көчкүнү сүрөт-видеого тарткан туристтердин бири бутунан жеңил жараат алган. Бирок алар барганда окуя болгон жерде эч ким болгон эмес. Анткени окуя 8-июлда болгон. Алдын ала маалымат боюнча туристке «Кумтөр» ишканасынын дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн", - деди Жети-Өгүз районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, майор Нилбек Мамбеталиев.

Ал ошондой эле мөңгүнүн көчүшү райондо алгачкы жолу катталганын белгиледи.

Туристтердин бири социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, алардын тобунда 9 британ, бир америкалык болгон. Көчкүдөн алардын бирөө жеңил жараат алып, аны жакынкы медициналык борборго алып барышкан. Мындан тышкары чет элдиктерди коштоп жүргөн жергиликтүү тургундар да болгон. Алар да видео, сүрөттөрүн жарыялап жатышат.

Жууку ашуусу - Тескей Ала-Тоодо Жууку суусунун башында жайгашкан. Ысык-Көлдү Ички Теңир-Тоо (Ара-Бел өрөөнү) менен байланыштырат. Деңиз деңгээлинен 3633 метр бийиктикте.

XS
SM
MD
LG