Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Зордуктоого кабылган кызга жардам акциясы уланууда


Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызга жардам катары каражат чогултуу акциясы уланууда. Бул тууралуу өспүрүмгө жардам көрсөтүү боюнча акциянын демилгечиси, журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбеков билдирди. Анын айтымында, акция жарыяланган үч күн ичинде 682 миң сомдон ашык каражат чогулуп, кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары секелекти сапаттуу билим алышына шарт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери үч жолу башка күнгө жылды. 8-июлда жараян жабык өтүп, жабыркаган тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен кийинки сот 12-июлга белгиленди. Жабыркагандардын жактоочулары алмашкандыктан иш менен таанышып чыгууга убакыт сурашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG