Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Шыкмаматов: Дача СУ боюнча комиссия тиешелүү документтерди изилдеп жатат


Дача СУ кырсыгын иликтеген коомдук комиссия тиешелүү мамлекеттик органдардан алган документтерди изилдеп, экспертизага жөнөттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта көпчүлүк органдардын айрым кызматкерлери жайкы эс алууда болгондуктан чогултулган документтерди изилдөө жүрүп жатат. Шыкмаматов комиссия октябрдын аягына чейин өз корутундусун коомчулукка жарыяларын кошумчалады.

Буга чейин айрым журналисттер комиссиянын жыйындарына көпчүлүк мүчөлөрү катышпай жатканын жазып чыгышкан.

Алмамбет Шыкмаматов комиссия графикке ылайык иш жүрүп жатканын, кийинки жыйынга 14-июлда чогуларын билдирди.

2017-жылдагы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулаган учак кырсыгынын жагдайларын иликтөө боюнча коомдук комиссия май айында түзүлгөн. Анын курамына саясатчылар, журналисттер жана активисттер кирген.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. Кырсыктын алгачкы күнүнөн тартып эле каргашанын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG