Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Орусиянын соту казак мунайын Каспий аркылуу ташууга кайрадан уруксат берди


Каспий деңизин айланып өткөн магистралдык мунай куурунун иллюстрациялык картасы.
Каспий деңизин айланып өткөн магистралдык мунай куурунун иллюстрациялык картасы.

Орусиянын Краснодар крайынын соту дүйшөмбү күнү Каспий куур консорциумунун (КТК) апелляциялык арызын карап, анын ишине салынган бир айлык чектөөнү алып салды. "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлагандай, сот жазаны 200 миң рубль айып пул менен алмаштырды.

Каспий куур консорциуму орус, казак жана башка өлкөлөрдүн мунай компанияларынын биргелешкен ишканасы. Ал Каспий деңизин айланып өткөн магистралдык мунай куурун иштетет. Бул куур аркылуу Казакстанда өндүрүлгөн мунайзаттын дээрлик 80% Кара деңизге чыгарылып, андан ары башка өлкөлөргө ташылып кетет.

6-июлда Орусиянын Новороссийск шаарынын райондук соту казак мунайынын ири бөлүгү экспорттолгон консорциумдун ишин 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарган. Негиз катары кара май төгүлгөн жерлерди тазалоо планынын бузулушу көрсөтүлгөн.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мунайды ташуу жолдорун диверсификациялоону маанилүү максат деп атап, Орусияны кыйгап өткөн жолдорду табууну тапшырган.

Орусия Украинага согуш ачып, Москвага санкциялар салынгандан бери казак мунайын бул куур менен экспорттоого ар кандай шылтоо менен буга чейин да чектөө киргизилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG