Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Киев украиндерге Орусия жарандыгын тездетүүгө уруксат берген жарлыкты айыптады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Киев Орусиянын президенти Владимир Путиндин өлкөнүн бардык аймактарындагы украиндерге орус жарандыгын алууга уруксат берген жаңы жарлыкты айыптады.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 11-июлдагы билдирүүсүндө, "жарлык Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кезектеги кол салуу болуп саналат, эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине туура келбейт" деп айтылат.

Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба паспорт жарлыгы Путиндин “жырткыч табитинин” мисалы экенин айтып, Украинанын өнөктөштөрүн аскердик жардамды көбөйтүүгө жана Орусияга каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын бүткүл жарандарына орус жарандыгын алуу эрежелерин жөнөкөйлөткөн жарлыкка 11-июлда кол койду.

2014-жылдан бери орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө турган Донецк жана Луганск облустарынын тургундарына орус паспорту 2019-жылдан тарта жеңилдетилген шартта бериле баштаган.

Путин быйыл 25-майдан тартып Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын жашоочуларына да орус жарандыгын жеңилдетилген шартта алууга укук берген.

Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирди. Беш айга чукулдаган согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. БУУнун эсебинде, 7 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG