Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Байден Орусияга каршы турууда Сауд Арабиянын мунайы маанилүү экенин айтты


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Сауд Арабиянын энергоресурстары, анын ичинде мунайы Орусия менен Кытайга каршы турууда абдан маанилүү роль ойной турганын айтты. Бул тууралуу ал The Washington Post басылмасындагы баянында билдирип, өзүнүн аталган өлкөгө жасалчу иш сапарын сынга алгандарга жооп берди.

“Биз мындан ары да Орусиянын агрессиясына каршы турушубуз зарыл, Кытай менен атаандашууда мыкты позицияларды ээлешибиз керек. Андан сырткары чөлкөмдөгү туруктуулуктун үстүнөн иштөөбүз шарт. Муну үчүн куду ушундай жыйынтыкка алып келүүгө таасир эте ала турган мамлекеттер менен түздөн-түз иштешүүбүзгө туура келет. Сауд Арабиясы ошондой өлкөлөрдүн бири”,-деп жазды Байден анда.

The Washington Post басылмасындагы макала америкалык президенттин Жакынкы Чыгышка жасалчу визитинин алдында жарыяланды. 13-июлда Байден Израилге келет. Кийинки күнү Палестина автономиясында болуп, андан соң Эр-Риядга жол тартат.

Сауд Арабиядагы жолугушуу мураскер канзада Мухаммед бин Салмандын катышуусунда өтөт. Салман өзү АКШда саударабиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып келет. Журналисттин өлүмүнө байланыштуу Вашингтон мурда Сауд Арабияга санкция салган.

Расмий Эр-Рияд Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Батыштын Москвага салган санкцияларына кошулган эмес. Согуш башталгандан кийин АКШ орус мунайын импорттоого тыюу салып, сауд бийлиги менен ымаласын жакшырта баштаган.

CNN телеканалы июнь айында жазгандай, Байден Орусияга каршы санкциялардан кийин кымбаттаган мунайдын баасына байланыштуу Сауд Арабияга жакындап жатат. Мунайдын кымбаттаганы бензиндин наркын да көтөрүп жатат, натыйжада быйыл күздөгү Конгресске болчу шайлоонун алдында АКШда инфляция күчөп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG