Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Люцернде чет жактагы кыргыз жарандарынын “Чөйрө” форуму башталды (видео)


"Чөйрө-2022" форуму, 12-июль 2022-жыл.
"Чөйрө-2022" форуму, 12-июль 2022-жыл.

Швейцариянын Люцерн шаарында чет жактагы кыргызстандыктардын “Чөйрө-2022” форуму башталды. Бул иш-чарага Германия, Швейцария, Австрия, Чехия, АКШ жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап иштеген ондогон кыргызстандыктар, IT көчмөндөр, кыргыз диаспораларынын лидерлери, ишкерлер катышууда. Ошондой эле форумга Кыргызстандан журналисттер жана жарандык активисттер келген.

“Чөйрө” форуму “Санариптик кылымдын чакырыктары – Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк” деген аталыш менен өтүп жатат. Эки күндүк иш-чаранын алкагында катышуучулар бири-бири менен тажрыйбасын бөлүшүп, мекендештердин Кыргызстандын ар кыл тармактарына салым кошуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылышат.

“Эки күн ичиндеги талкуулар жемишин берет деп ишенем. Биз күчүбүздү бириктире алабыз деген үмүттөмүн”, - деп билдирди форумдун уюштуруучуларынын бири, Kyrgyz Bridge Global уюмунун жетекчиси Кайрат Биримкулов.

Иш-чараны чет жактардагы активист кыргызстандыктар Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен уюштурууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG