Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Рыскулбеков: Зордукталган кыздын ата-энеси акча чогултууну суранган эмес


Зордукталганы айтылган 13 жаштагы секелекке колдоо көрсөтүү үчүн акча чогултуу акциясына кыздын ата-энесинин тиешеси жок. Бул тууралуу акциянын демилгечиси, журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, кызга жардам көрсөтүү үчүн элден акча чогултуу идеясы активист Азамат Акенеевге таандык. Алгач аны башка тилектештери, кийинчерээк көптөгөн адамдар колдогон.

"Кыздын ата-энесинин дарегине "бул трагедиядан пайдаланып, акча табууга аракет кылып жатышат" деген айыптоолор айтылып жатат. Бул таптакыр туура эмес. Ата-энесинин бул акцияга эч кандай тиешеси жок! Жок жана дагы бир жолу жок! Кыздын ата-энесин акча чогултуу пайдасына күнөөлөө - туура эмес", - деп айтты Эркин Рыскулбеков.

Акция жарыялангандан бери 714 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Мунун ичинен кыздын үй-бүлөсүнө 53 миң сомго материалдык жардам көрсөтүлгөн, калганы кыздын жеке эсебине сакталмакчы. Активисттер секелектин сапаттуу билим алышына шарт түзүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришкен.

Зордуктоо иши боюнча 12-июлда өткөн соттук териштирүү учурунда айыпталуучу тарап кыздын ата-энесин акча чогултууга айыптаганын атасы "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, сот учурунда аны айыпталуучулар "акча жасап жүрөсүң" деп күнөөлөшкөн.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи май райондук милициясы дагы бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери үч жолу башка күнгө жылды. 8-июлда башталган соттук териштирүү жабык өтүп жатат. 12-июлдагы жараянда күбөлөр суралып, айыпталуучулар күнөөсүн моюнуна албай турганын айтканын жабырлануучунун жактоочусу "Азаттыкка" маалымдады. Кийинки отурум бүгүн, 13-июлда, саат 16:00гө белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG