Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Милиция 63 жаштагы жарандын кылмышы тергөөдө далилденбегенин билдирди


Секелек кыздардын укугун коргоого арналган митингдеги сүрөт. Иллюстрация.
Секелек кыздардын укугун коргоого арналган митингдеги сүрөт. Иллюстрация.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) Араван районундагы алты жашар кызды зордуктоого шек саналган адамга милиция эч кандай чара көрбөгөнү тууралуу адвокаттын дооматына жооп берди.

ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, бул иште кызга карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шек саналган 62 жаштагы адамдын кылмыш иши далилденген эмес.

"Кичинекей кызын зордуктоого 62 жаштагы күйөөсүнөн шек санап, былтыр 16-декабрда Араван районунун Тепе-Коргон айылынын тургуну жергиликтүү милицияга кайрылган. Ал арызында 2021-жылдын 3-14-декабрь күндөрү кызына 62 жаштагы күйөөсү ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирип, чара кѳрүүнү суранган. Бул арыз ошол эле күнү бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү адамдар суракка алынган. Суракта бардык тараптар, анын ичинде кичинекей кыз да апасы жана социалдык кызматкердин катышуусунда көрсөтмө берген. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза да жүргүзүлгөн".

Аширбаевдин сөзүнө караганда, соттук-медициналык экспертиза кыздын жыныс органдары жабыркабаганын аныктаган. Ошондой эле соттук-психолого-психиатриялык экспертиза кыз психикалык жактан таза деп белгилеп, баланын айткандарын соттук иликтөөдөгү материалдарга жана күбөлөрдүн айткандары менен салыштыруу зарыл деген бүтүм чыгарган. Аталган экспертиздан кылмыш ишине тиешелүү башка адамдарды - арыз ээси жана шек саналып жаткан адам да өтүп, соо деген бүтүм чыккан.

Бул корутундулардын негизинде жана коюлган күнөөнү далилдөөчү негиздердин жоктугунан былтыр 25-декабрда кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бир айга чукул убактан кийин Араван райондук прокуратурасы тергөөчүнүн бул чечимин жокко чыгарып кайрадан кошумча тергөө амалдарын өткөрүү боюнча токтом чыгарган. Тергөө кайрадан кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. 30-январда прокуратура тергөөнүн токтомун мыйзамдуу деп тапкан.

Быйыл 6-июнда арыз ээсинин кайталап кайрылуусу боюнча буга чейинки кылмыш ишин козгоодон баш тартылган токтому жокко чыгарылган. Кайталап тергөө иштеринин жүрүшүндѳ жана текшерүү учурунда кылмыштын курамы аныкталган эмес. Ошондуктан, быйыл 15-июнда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча үчүнчү жолу токтом кабыл алынып, аны прокуратура мыйзамдуу деп тапкан.

Адвокат Мухайе Абдураулова буга чейин жабырлануучунун арызын милиция карабай, улам кыскартып келгенин социалдык тармактарга жазган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок табылып токтотулган, 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84% кылмыштын курамы жок деген себеп менен кыскартылган.

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG